• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө абал киргенден бери Ош комендатурасына жарандардан 10 миңден ашык кайрылуу түшкөн

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Өзгөчө абал режими кирген 25-марттан тартып 10-майга чейин Ош комендатурасынын алдында түзүлгөн ыкчам байланыш телефондоруна жарандардан 10 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Ош шаарынын коменданты, милициянын полковниги Малик Нурдинов билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаары жана Ош облусунун аймагында муктаж болгон 90 миӊге жакын жаранга гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн.

"Калкка маалымат жеткирүүдө күнү-түнү ишин токтотпостон жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери да онлайн режимде иштөөгө туура келди. Коомчулукка комендатуранын ишин ыкчам чагылдырып маалыматтык колдоо көрсөтүп турушту", - деп айтылат маалыматта.

Калктын ден соолугун сактоо боюнча жер-жерлерде өзгөчө абалдын режимдерин камсыз кылуу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрациясы, Ош шаардык мэриясы ар тараптуу шарттарды түзүп жатты.

Ошондой эле Ош шаардык, облустук ички иштер башкармалыгынын, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоӊ Алай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Атайын багыттагы полкунун, Генералдык штабдын Кургактагы аскерлеринин "02626" аскер бөлүгүнүн курамындагы аскер бөлүктүн өздүк курамы, Ички коопсуздук аскер кызматынын "703" аскер бөлүгүнүн кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана медицина кызматынын кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөштү.

Ош облусунун аймагында киргизилген өзгөчө абал режими аяктады, бирок 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими 11-майдан тартып улана берет.

Пикир

Оставить комментарий