• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарына Мамматрезервдер фондунан дагы 13 тонна өсүмдүк майы келди

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан дагы 13 тонна өсүмдүк майы келди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк майынын 5 литри 675 сомдон сатылууда.

Эскерте кетсек, бир адамга 5 литр гана май сатылат.

"Өсүмдүк майын Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү 8 дарегинде жайгашкан муниципалдык базардан алууга болот. Базар саат 9:00дөн 17:30га чейин иштейт", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий