• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцфонддун колл-борборуна үч айда 5,1 миңден ашуун кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна январь-март айларында 5 миң 119 кайрылуу келип түшкөн.

Соцфонддун басма сөз кызматы билдиргендей, мартта 1 миң 632 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1 миң 158 кирген жана чыккан чалуулар. Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 474 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Фонддун колл-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Социалдык фонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий