• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясынын ишке ашыруу үчүн 6,5 млрд сом керек

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясынын ишке ашыруу үчүн 6,5 млрд сом керек. Бул тууралуу пресс-конференцияда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияга 2011-жылы кошулган, 2019-жылдын март айында президент Сооронбай Жээнбеков конвенцияны ратификациялаган мыйзамга кол койду.

"Биз көп жылдан бери ар кандай иш-чараларды өткөрүп, Кыргызстанды даярдап келгенбиз. Негизги маселе акчада болчу. Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6,5 млрд сом керектелет. Ошондой эле ведомство аралык жумушчу топ түзүлдү. Ал көп жылдык стратегиянын үстүндө иш алып барууда", - деди Алыбаева.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 191 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катталган, алардын 30 миңи жаш балдар.

Эске салсак, конвенцияга карата Факультативдик протокол да кабыл алынган. Анын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле алардын аброюн сыйлоого артыкчылык берүү болуп саналат.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн он жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет, анын ичинен иш-чараларга – 1 млрд 575 млн сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга – 5 млрд 72 млн сом керектелет.

Пикир

Оставить комментарий