• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин вице-мэри мектеп жана бала бакчалардын даярдыгын текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү процессин офлайн режиминде жандандыра баштайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-январдан тартып мектепке 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары бара башташат. Ал эми бала бакчалар болжол менен 1-февралдан тартып ишин жандандырат.

"Учурда билим берүү уюмдарын ишке киргизүүгө даярдыктар көрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, социалдык иштер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева мектептердин жана бала бакчалардын балдарды кабыл алууга даярдыгын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын, оңдоо иштеринин аякташын текшерди.

Текшерүү №4, №47 мектептеринде жана №4, №134 бала бакчаларында жүргүзүлдү.

Огонбаев көчөсү, 207 дарегиндеги №4 мектепте окуучуларды кабыл алууга даярдыктар жигердүү жүрүп жатат. Бул жерде, 2020-жылдын планына ылайык, имараттын жуунучу бөлмөлөрү жана ички жылуулук тармактары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Мектепте санитардык эрежелерди сактоого шарттар түзүлгөн, кирүү чыпкалары уюштурулган. Окуучулар шахмат түрүндө отургузулуп, сабактар эки топко бөлүнөт. Тыныгуу учурунда класстар желдетилип, дезинфекцияланат.

Целинной көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан №47 мектептин окуу класстары дагы текшерилди. Мектептин дааратканасын оңдоо иштери да аяктап, балдарды кабыл алууга даярдыктар көрүлүүдө.

Биринчи май районунун №4 бала бакчасында вице-мэр А.Чыныбаева дааратканаларды жана тышкы канализация тармагын оңдоону өз көзөмөлүнө алып, балдарды, тарбиячыларды жана бала багуучуларды коргоо алгоритминин сакталышын текшерди. Бала бакча ишин улантууга даяр экендигин, дезинфекциялоочу каражаттар жана жеке коргонуу каражаттары сатылып алынгандыгын белгилей кетүү керек.

№4 кичи районундагы №134 атайын бала бакчасы да катуу текшерүүдөн өткөн. Эскерте кетсек, аталган бала бакча санитардык эрежелерди сактоо менен иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий