• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. «Ералаш» киножурналынын жетекчиси Борис Грачевский көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. «Ералаш» юмористтик киножурналынын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Борис Грачевский коронавирус оорусу менен күрөшүп жатып, 72 жашында көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коронавируска кабылган Грачевский 2020-жылдын декабрь айынын соңунда №52 шаардык ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланган.

«Грачевский коронавирус жуктуруп алганда алгач үй шартында дарыланып келген. Кийин гана дарыгерлер аны дарылоо үчүн ооруканага жеткиришкен», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий