• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Бишкек санитардык полигону" ишканасына жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Наматов Нурлан Аманович ээлеген кызматынан бошотулду. Эми ишкананы Назаров Адил Качкынбаевич жетектейт, буга чейин ал "Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий