• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Индияда жүргүнчүлүк автобус капчыгайга кулап кетип, 20дан ашык адам жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Индиянын чыгыш штаты Трипурада автобус жүргүнчүлөрү менен капчыгайга кулап кеткен. Бул тууралуу NDTV телеканалы дарыгерлерге шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык эртең менен эрте Дхалаи округунда болгон. Жол кырсыгынын себеби азырынча тактала элек. Аталган кырсыктан 30дан кем эмес адам жаракат алган.

Жергиликтүү медициналык кызматынын өкүлү кабарлагандай, 22 жүргүнчүнүн абалы оор. Учурда алардын баардыгы ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Каза болгондор тууралуу маалымат жок.

Штаттын башкы министри Биплаб Кумар Деб ооруканага барып, жабыркагандардын дарыланууга кеткен бардык чыгымдарын өкмөт өз мойнуна ала тургандыгын билдирген.

Булак РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий