• 88.68
  • 95
  • 0.95

28-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-марттан 28-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

24-28-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-мартта күндүз жана 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

25-мартта күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-мартта күндүз, 26-мартта жана 28-мартта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-28-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы күтүлөт.

24-мартта күндүз, 25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта күндүз, 27-мартта түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

27-мартта күндүз жана 28-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-мартта күндүз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-мартта күндүз, 26-мартта жана 28 мартта күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

24-28-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

24-мартта күндүз жана 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

25-мартта күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтулбөйт.

26-мартта, 27-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-мартта күндүз, 26-мартта жана 28-мартта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-28-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-25-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-мартта күндүз, 27-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-мартта күндүз жана 28-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, 28-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-мартта күндүз, 26-мартта жана 28-мартта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-28-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

24-25-марттарда жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта жаан жаашы күтүлөт.

28-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-мартта күндүз жана 26-мартта 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-28-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-мартта күндүз жана 25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-мартта күндүз, 27-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-мартта күндүз жана 28-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, 28-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-мартта күндүз, 26-мартта жана 28-мартта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий