• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

29-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Эртең, 29-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26,

Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...15, күндүз 27...29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25,

Эртең Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 25...27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий