• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

29-мартта Оштун айрым райондорунда газ болбойт

Аймак 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. 29-мартта Ош шаарында жаратылыш газын берүү саат 8:00дөн кечки 17:00гө чейин убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, газ Москва, Шакиров, Депутатск, Ленинградск, Масалиев көчөлөрү менен чектелген районго берилбейт.

“Бул жабдыктардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн газ түтүктөрүндөгү кемчиликтерди оңдоо иштерине байланыштуу”,-деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий