• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

3-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Эртең, 3-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус жылуу болушу ыктымал.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз 8…10 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий