• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

30-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Эртең, 30-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Ысык-Көл облусунда жана өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12, Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градус болот.

Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5, Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүзү 10…12 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий