• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аскер институтунда “Коомдогу аялдардын ролу” темасындагы семинар болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Кечээ, 8-апрелде КР Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда “Коомдогу аялдардын ролу” темасындагы семинар болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин профессору Роза Айтматова, “Кыргыз Республикасынын аялдар комитети” коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Майтикова ошондой эле, Аскер институтунун өздүк курамы катышты.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстандын тарыхындагы аялдардын жетишкендиктери, алардын өлкөнүн экономикалык, маданий жана коомдук ишмердигине кошкон салымы жөнүндө баяндамалары угулду.

Семинардын жыйынтыгында Аскер институтунун башчысы Канат Уразбеков аталган семинардын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилеп, катышуучуларга бул темага көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, чакырылган конокторго баалуу белектерин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий