• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

36 талапкердин 13ү лицензия алды. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна ээ болгондордун тизмеси

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин өткөрдү.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 36 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 33 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 13 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык, 110 суроодон турган Компьютерлик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет.

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер:

14. Аманбеков Мидин Маратович;

15. Атамбиев Ырысбек Ырысалиевич;

16. Бобушев Сеит Рысбекович;

17. Ирсалиева Айдана Шамильевна;

18. Исатбек кызы Аида;

19. Керимкулов Марлен Бакытбекович;

20. Ким Алена Станиславовна;

21. Мамасалиева Махабат Мелисовна;

22. Музулманов Таалайбек Узенович;

23. Нажиев Шахсултан Орозмахаматович;

24. Саякова Махабат Карыевна;

25. Сырдыбаев Джалил Асанкулович;

26. Турсунбекова Асель Турсунбековна.

Пикир

Оставить комментарий