• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

6-10-декабрда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 6нан 10-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 6-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Ошондой эле 7жана 8-декабрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

8-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

9-декабрда жана 10-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 10-декабрда күндүз жаан-чачын кээ бир райондордо жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

11-12-декабрь күндөрү кээ бир тоолуу райондорда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий