• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймактарында Токой чарбалары тарабынан 73,2 га жерге көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарында Токой чарбалары тарабынан "Жашыл-Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында көчөт отургузуу акциялары өткөрүлдү. Бул тууралуу Токой чарба кызматынан билдиришти.

Акциянын алкагында жалпысынан 73,2 га аянт жерге 29 115 даана көчөт отургузулду. Иш-чарага райондук администрациянын, токой чарбалардын, ишканалардын кызматкерлери болуп жалпы 1 271 катышты, анын ичинен:

  • Аксы токой чарбасы 6 га аянт жерге 2 400 даана мисте, 55 адам;
  • Жайыл токой чарбасы 15 га аянт жерге 9 990 даана өрүк, 190 адам;
  • Фрунзе токой чарбасы 3 га аянт жерге 1 500 даана кара жыгач жана өрүк 69 адам;
  • Чүй токой аңчылык чарбасы 2,2 га аянт жерге 3 800 даана алыча, 135 адам.
  • Баткен токой чарбасы 20 га аянт жерге 3000 даана, 500 адам;
  • Токтогул токой чарбасы 5,5 га аянтка 650 жаңгак жана өрүк көчөт отургузду, 95 адам катышты;
  • Лейлек токой чарбасы 1 га аянт жерге 625 даана арча жана карагай, 30 адам;
  • Аркыт токой чарбасы 10 га аянт жерге 4160 даана жаңгак жана алма, 80 кызматкерлер, мугалимдер, жергиликтүү өзүн башкаруу уюму,
  • Авлетим токой чарбасы 5 га аянт жерге 730 даана жаңгак, 73 адам.
  • Бакай-Ата токой чарбасы 0,5 га аянтка жерге 260 даана туя, арча жана кызыл карагай, 20 адам.
  • Ачы токой чарбасы 5 га аянт жерге 2000 даана жаңгак, 24 адам.

Пикир

Оставить комментарий