• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-11-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. 7-11-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болушу, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-мартта күндүз жана 9-мартта түнкүсүн Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, 7-8-марттарда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-мартта күндүз жана 10-11-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

7-10-марттарда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий