• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шашылыш билдирүү. Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6-7-марттарында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-8-марттарда абанын температурасы төмөндөп түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -5…-10° суук, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -6…-11° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5°, күндүз 3…8° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий