• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Суу райондук бюджетинде 76 млн сомдум каржы бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Ак-Суу районунун 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн. Бул тууралуу КР Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган бардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 76 млн 806,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

- бюджеттин долбоору менен бир эле убакта түзүлүүчү бюджеттин долбоорун жана документтерди түзүүдөгү бузуулар — 96,6 мин сом;
- КР бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү —2736,2 миң сом;
- КР бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар — 197,0 миң сом;
- КР бюджеттик тутумунун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу — 306,0 миң сом;
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар — 1742,5 миң сом;
- милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) — 378,9 миң сом;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы — 40201,0 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар — 880,6 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар — 460,0 миң сом;
- бюджеттик отчеттуулукту түзүү эрежелерин бузуу — 19628,1 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар — 10179,5 миң сом;

Ошондой эле бир мамлекеттик сатып алуулар тармагында жол-жоболук мыйзам жана 9 (тогуз) башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча КР президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий