• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Элдик турак жай компаниясы" — кыргызстандык мигранттардын алгачкысына ипотека берилди

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын туунду Элдик турак жай компаниясы мигранттарга ипотека бере баштады.

Компаниядан билдиришкендей, Германияда мигрант болуп эмгектенип жүргөн Гүлбара Жумабаева мигранттардан биринчи болуп Элдик турак жай компаниясынан ипотекага Бишкектен үй алды.

Белгиленгендей, Жумабаева Элдик турак жай компаниясында депозит эсеп ачып, үй ала турган сумманын 50% чогултуп, керек болгон шарттардын баарын аткарган. Ал бүгүнкү күндө жаңы алган үйүнө көчүп жаткан кези.

“Гүлбара Жумабаеваны ак өргөлүү болушу менен куттуктайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий