• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында “Тоноочу” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. 11-12-майда Кыргызстандын аймагында "Тоноочу" рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты кылмыштардын ар кандай түрлөрүн алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу болуа саналат.

Буга байланыштуу ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларынын планы түзүлүп, күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби түзүлдү. Кылмыш жасоого мүмкүн болгон аймактарды тактоо боюнча чаралар көрүлүп, анын ичинде уурдалган буюмдарды, мүлктөрдү сатууга мүмкүн болгон жерлерди тактоо жана башка ушул сыяктуу иштер жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чарага ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Бишкек ШИИББ, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган.

Мындан тышкары, кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча комплекстүү уюштуруу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алдын алуу иш-чарасын уюштуруу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий