• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арча-Бешик конушунда 180 орундук бала бакча курулууда

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда 180 орунга ылайыкталган бала бакча курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, имараттын жалпы аянты 1 миң 889,3 чарчы метрди түзөт.

"Учурда сырткы жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү жана от казандын курулушу жүрүп жатат. Имаратта оюн-зоок, буфет, ашкана, уктоочу, жуунуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий