• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри Ата Мекендик Согуштун аял-ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин майрамы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 8-март – Аялдардын эр аралык күнүнө карата Ата Мекендик Согуштун аял-ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчы 1928-жылы туулган Айша Абасбекова жана 1930-жылы туулган Миновар Шерматовадан кабар алып, аларга материалдык жардам көрсөтүп жана азык-түлүктөрдү тапшырды.

Мэр ардагерлердин ден соолугу тууралуу маалымат алып, аларга узун өмүр каалады. Белгилей кетсек, бүгүн вице-мэрлер, мэриянын бөлүм башчылары калган аял-ардагерлерди үйлөрүнө барып куттукташат.

Пикир

Оставить комментарий