• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

7-августка чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 3-августтан 7-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-августта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-августта күндүз жана 6-августта Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

3-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 4-августта түнкүсүн жаан-чачын кутулбөйт, күндүз ала булут каптап, бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

5-7-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-августта күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-августта Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

4-6-августтарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

3-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

4-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

5-7-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-августтарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

4-5-августтарда жана 6-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

6-августта күндүз жана 7-августта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий