• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунда иштеп жаткан ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Ош облусунун башчысы ММК өкүлдөрүн кесиптик майрамы, 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктап, ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Ош облусунун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, облустун социалдык-экономикалык жана маданий тармагындагы иш-чараларды чагылдыруудагы көп жылдык үзүрлүү ак ниет эмгектери үчүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий