• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Эмгек министри АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен соцмекемелерди өнүктүрүүнү талкуулады

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Кит Маккинин жетекчилиги астында элчиликтин социалдык мекемелерге инфраструктуралык колдоо көрсөтүүгө адистешкен өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр элчиликтин өкүлдөрүнө Кыргызстан жарандарын Сириядагы жаңжал чыккан аймактан ташып чыгууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, тиешелүү органдардын бул багыттагы өз ара аракеттешүүсүн жакшыртууга чакырды.

Ошондой эле жолугушууда министрликтин социалдык мекемелери үчүн суу, канализация, энергия менен камсыздоо, медициналык тейлөө жана башка кызматтар боюнча шарттарды жакшыртуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий