• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-сентябрда Аламүдүн-1 кичирайонуна таза суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Эртең, 7-сентябрда саат 10.00дөн 16.00гө чейин борбор калаанын Аламүдүн-1 кичирайонуна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, муздак суу күчөтүүчү насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу өчүрүлмөкчү.

"Суу №51 бала бакча, Б.Ельцин атындагы №31/5 медициналык борбор, №16, 17, 18, 19, 20, 21, 37, 38, 39, 40, 41, 42 , 43, 86, 91, 92, 93, 94, 95, ошондой эле Загорская көчөсү № 30, 54 даректеринде болбойт", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий