• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

7-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Эртең, 7-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн айрым райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26, Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21, Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21 градуска жетет.

Ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12 градус, күндүз 24…26 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий