• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда мугалимдерге арналган айкел тургузуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Депутат Мирлан Бакиров Кыргызстанда мугалимдерге арналган айкел тургузууну сунуштады. Мындай пикирди депутат Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, өкмөттү бул маселени карап чыгууга чакырды.

Анын маалыматы боюнча, көптөгөн мамлекеттерде мугалимдерге арналган эстеликтер бар. Биз да мугалимдерди эскерип, даңазалашыбыз керек.

Бакиров Бишкекте өткөн "Мугалим – коомдун өнүгүшүнүн уюткусу" аттуу илимий-практикалык конференция өткөндүгүнө токтолуп, жазуучу Чыңгыз Айтматов мугалимди кандай даңазалагандыгын, Дагестанда, Махачкалада, Якутияда, Санкт-Петербургда мугалимдин коомдогу орду баса белгиленип Биринчи мугалимдердин айкелдери орнотулгандыгын мисалга тартты.

Депутат мугалимдин коомдогу ордун Кыргызстанда да даңазалоо боюнча иш-чаралар көрүлсө деген сунуш-тилектерин ортого салды.

Пикир

Оставить комментарий