• 88.68
  • 95
  • 0.95

1-июлдан тартып ККМди жаңы стандарттар боюнча колдонуу милдеттүү болуп калат — Салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы эртең, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында ККМди жаңы стандарттар боюнча колдонуу милдеттүү түрдө жүзөгө ашырыларын эске салат.

Аталган күндөн тартып салык органдарында катталган ККМдин фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт.

Ошондой эле, ККМди колдонуудан буга чейин бошотулган субъекттер үчүн 1-июлдан тартып аны колдонуу милдеттүү болуп калат. Эскерте кетсек, сөз Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы соода борборлорунда жана үйлөрдө жайгашкан, аянты 10 (он) чарчы метрге чейинки соода түйүндөрүндө товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу; коомдук тамактануу жайларында убактылуу жерлерди (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулуштарды) пайдалануу менен кызмат көрсөтүү; соода залынын аянты 20 (жыйырма) чарчы метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулуштарда товарларды сатуу боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген субъекттер жөнүндө жүрүп жатат.

Мындан тышкары, 200 чарчы метрден ашык соода аянты менен стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу; дарыканаларда дары-дармек каражаттарын сатуу; 200дөн ашуун оруну бар жана/же аянты 300 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануу кызматын көрсөтүү; стационардык жайларда медициналык кызмат көрсөтүү; медициналык лабораторияларда кызмат көрсөтүү боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген субъекттер жаңы техникалык талаптарга ылайык ККМди колдонууга милдеттендирилген.

Жаңы стандарттарга ылайык келбеген ККМ пайдаланылган учурда мындай аппараттар Салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасынан каттоодон чыгарылат, ал эми субъекттер администрациялык айып салууга тартылат.

Пикир

Оставить комментарий