• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШ президенти Трамп биринчи жолу Иракка барды

Дүйнө 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп биринчи жолу Иракка барды. ABC News маалымдагандай, президенттик учак Багдаддын батышындагы авиабазага 26-декабрь күнү кечинде конду.

Америкалык ММКлар кабарлагандай, Ак үйдүн башчысынын сапары алдын ала айтылган эмес, андыктан америкалык жоокерлер үчүн бул күтүүсүз болду.

Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерстин айтымында, Трамп жана анын жубайы Мелания кызмат өтөгөн аскерлерге ыразычылык билдирип, аларды Рождество майрамы менен куттуктоо үчүн барган.

Трамп аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, Ирактагы аскер кызматкерлерини санынын кыскартуу планда жок экенин айтты. Бул тууралуу FoxNews телеканалы билдирди.

Ирактын аймагында АКШнын бир нече базасы бар. Аскер контингентинин саны беш миң кишиден ашышы мүмкүн.

19-декабрда АКШ президенти жакынкы эки айда Сириядан америкалык аскерлер чыгарыларын жарыялаган. Бул чечимди Кошмо Штаттардын өнөктөштөрү гана эмес Конгресс дагы сынга алган.

Коргоо министри Жеймс Мэттис кызматтан кетүүгө арыз жазган. Трамп мындан тышкары Ооганстандагы аскер кызматкерлеринин санын 14 миңден 7 миңге чейин азайтууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий