• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто Гуандун провинциясынын товарларынын көргөзмөсү өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Ошто Гуандун провинциясынын товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын кызматташтыгын бекемдөөгө жана транс чек аралык сооданы өнүктүрүүгө чоң роль ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров иш-чаранын расмий ачылыш аземинде билдирди.

«Көргөзмө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда кабыл алынган «Бир алкак – Бир жол» концепциясынын алкагында эки өлкөнүн алакасын чыңдоо максатында уюштурулууда. Мен бул иш-чарадан соода-экономикалык чөйрөдөгү жаңы келишимдерге жетишилээрин, мындан тышкары жаңы инновациялык долбоорлорду күтөм. Бизге жаңы заводдор менен фабрикаларды ачуу менен, сиздер көп миллиондогон рынокко жол ачып жатасыздар», - деди Замирбек Аскаров.

Ал Гуандун товарларынын көргөзмөсүн уюштурууну мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жеке өзү колдогонун белгиледи.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасы чет элден инвестиция тартууга, инновациялык технологиялардын тажрыйбасын киргизүүгө өзгөчө көңүл бураарын кошумчалады.

«2018-жылы Кытайдан келген түз инвестициянын көлөмү 338, 14 млн АКШ доллары болгон. Жарылуучу заттарды чыгарган заводдун курулушу, биметаллдык алюминий радиаторлорду чыгарган заводдун курулушу, тоголок жип жана мээлей чыгаруучу заводдун ачылышы ийгиликтүү ишке ашып жаткан долбоорлорго кирет. Жакынкы арада бир нече ишкананын ачылышы күтүлүүдө. Бул долбоорлордун инвестицияларынын жалпы суммасы 151 млн АКШ долларын түзөт. Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн экономиканын бардык тармактары ачык болгондуктан, аталган долбоорлор ишке ашууда. Борбор Азия боюнча салыктык чендер либералдуу болгон өлкө – биздин мамлекет, бизде электр энергиясы жана жумушчу күч арзан. Муну менен катар жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасында биздин республика бизнес жүргүзүү боюнча дүйнөлүк рейтингде позициясын жакшыртууда», - деп сөзүн жыйынтыктады.

Гуандун провинциясынын товарларынын көргөзмөсү эми жылына эки ирет өткөрүлөт. Бул жолу Ош шаарында 6 сынан 9-сентябрга чейин болот.

Көргөзмөгө эмерек, курулуш материалдары, мейманканага керектүү товарлар, электроника жана электр жабдыктары, продукциялардын миңдеген түрлөрү коюлду. Соода жүгүртүү ортомчусуз болгондуктан, көргөзмөгө коюлгандар арзан сатылууда.

Маалымдама: Гуандун провинциясы Кытайдын улуттук экономикасында 30 жылдан бери биринчи позициясында турат.

Гуандун – бул өндүрүш чынжырчасы мыкты жолго коюлган дүйнөдөгү өнөр жай борбору, бул көргөзмө индустриясы абдан жетилген дүйнөлүк соода борбор болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий