• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Конор Макгрегор Нурмагомедов менен Порьенин беттешин көрүү үчүн Абу-Дабиге барбайт

Спорт 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. UFC уюмунун президенти Дэна Уайт аталган уюмдун эки салмак чениндеги мурунку чемпиону Конор Макгрегор Абу-Дабидеги UFC 242 турнирине учуп келбээрин айтты. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

"Конор Абу-Дабиге учуп келбейт. Биз экөөбүз бир айда эки жолу сүйлөшүп турабыз. Мен ал менен кечээ кечинде сүйлөштүм. Макгрегор турнирге келбейт, бирок беттешти көрөт", - деп Уайттын билдиргенин ESPN телеканалы маалымдайт.

Эки мушкердин беттеши 8-сентябрь күнү Бишкек убактысы менен түнкү саат 02:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 2018-жылы Конор Макгрегор менен болгон беттеште тартипти сактабагандыгы үчүн UFC уюмунан белгисиз мөөнөткө четтетилген.

Пикир

Оставить комментарий