• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

8 жаштагы Хадича кайрымдуу инсандардын көмөгүнө муктаж

Коом 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. 8 жаштагы Озубекова Хадича ден соолугуна байланыштуу кайрымдуу инсандардын көмөгүнө муктаж. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда кичинекей Хадичанын кулагы укпайт, бир көзү көрбөйт жана сүйлөй албайт. Хадичанын оор операциясы 10-апрелде Түркия мамлекетинде жасалат, операцияга демөөрчүлөр табылган. Бирок барып-келүү жол чыгымы, жатаканасы, тамак-ашы жана майда чыгымдарына 100 миң сом керек болууда.

"Урматтуу мусулман бир туугандар. Озубекова Эльмира 8 жаштагы кызы Хадичага кайрымдуулук колун сунууңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Сбербанк карта номери: 4276 3801 2233 8911

ЭлСом: 0556 600 090

Байланыш тел: +7925 123-10-13; +996 771 666740 апасы; +996 708 85 82 00

Пикир

Оставить комментарий