• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

8нен 14-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 07.10.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 8нен 14-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 8-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чуй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

11-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашыкүтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облутарында жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

13-14-октябрларда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий