• 88.68
  • 95
  • 0.95

9 айда мамлекеттик бюджеттин кирешеси 211,4 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 45,5%га же 66,1 млрд сомго көптүк кылат.

"Ал эми салыктык кирешелердин көлөмү 163,4 млрд сомду түздү, бул откөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 56 млрд сомго же 52,1%га, Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 52,9 млрд сомду түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 62,3 %га же 20,3 млрд сомго өскөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелер 110,5 млрд сомду түзүп, 47,7%га, мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү каралган мезгилде 37,7 млрд сомдун түзүп, бул 5,9 млрд сомго же 18,6%га өскөн.

Мындан тышкары, расмий гранттардын көлөмү 4,2 млрд сомго көбөйүп, 10,3 млрд сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий