• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аба ырайы кескин өзгөрүп, ӨКМдин ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолуна жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолуна жөнөп кетти, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек-Ош жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдорунда (Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары) аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаагандыгына байланыштуу жериндеги абалды баалоо максатында министрликтин ыкчам тобу ӨКМ башчысынын орун басары Калыс Ахматовдун жетекчилигинде саат 20:00дө жолго чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий