• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды

Экономика 0


Бишкек, 25.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Салык кызматынын алдында 2021-жылдын жыйынтыгы менен 103 млрд 948,3 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултуу милдети турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүлөр көбөйдү.

“2021-жылдын 25-ноябрына карата Салык кызматы 94 млрд 171 млн сом салык чогултту. Белгиленген план 102,5%га аткарылган же 2 млрд 301,6 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 23,9 млрд сомго, 2019-жылга салыштырмалуу 22,3 млрд сомго көбөйгөн”, - дейт ал.

Абдувапов салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу бир катар факторлордун эсебинен мүмкүн болгонуна токтолду.

“Алсак, салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык секторлорун талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары, “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү, электрондук эсеп-фактуралар, “Жыйынды пост” жана башка долбоорлор өз натыйжасын берүүдө”, - деди ал.

Салык кызматынын төрагасы ушул жылдын 10 ай ичинде 31 млрд 147 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий