• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: 2020-жылга пландалган артыкчылыктуу милдеттер жыйынтык бериши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 2020-жылга пландалган артыкчылыктуу милдеттер «белги» үчүн гана аткарылбастан, белгилүү бир багытка ээ болуп, жыйынтык алып келиши керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш-аракеттеринин планын аткаруу боюнча кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Быйылкы жылдын планы жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө таасир тийгизген негизги милдеттерден турат. Алсак, социалдык багыты. Биз калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу максатын койдук. Бул биринчи кезекте эмгек акыларды, жөлөкпулдарды, пенсияларды көбөйтүү, үй-бүлө институтун жана балдарды коргоо, жарандардын коопсуздугу болуп саналат. Биздин дагы бир максатыбыз ушул милдет менен байланышкан, бул – аймактарды өнүктүрүү, миграцияны кыскартуу, жолдордун, бала бакча, мектептердин курулушу, энергетика тармагын өркүндөтүү. Аймактардын экономикалык активдүүлүгүн арттыруу зарыл. Кеп кошумча жумуш орундарды түзгөн региондордогу бизнести колдоо тууралуу болуп жатат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр экономика жөнүндө айтып жатып, Өкмөттүн ишиндеги башкы максаттардын бири – экономиканы өнүктүрүүнү жана бакубатчылыкты камсыздоо экендигине токтолду.

«Биздин алдыбызда ата мекендик продукцияларды экспорттоо көлөмүн 300 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү, экономика түзүмдөрүн диверсификациялоо жана «Кумтөр» кенинен экономиканын көз карандылыгын кыскартуу тапшырмалары турат. Бизде кирешенин башка да булактары бар. Ошол эле тоо кен өнөр жайында варианттар көп. Бул үчүн биз өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун үстүнөн иштешибиз керек. Бардыгын жөнөкөйлөштүрүү зарыл. Биздин милдетибиз – потенциалдуу салык төлөөчү болгон инвесторлорду аларды коргоо. Ошондой эле салык процедураларын фискалдаштыруу системасын киргизүү маселеси дагы жооптуу милдет. Бул система ата мекендик экономикада ачыктыкка алып келерин ар ким түшүнүүсү кажет. Экономикада көмүскө механизмдер бар үчүн жарандардын ишеними жок. Көмүскө бизнес бар шартта, экономиканын ырааттуу өнүгүшү тууралуу айтууга болбойт. Көмүскө экономика менен күрөш – бул салыкчылардын гана эмес, биздин жалпы милдетибиз», - деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Жалпысынан 2020-жылга биринчи кезектеги иш-аракеттердин планы 100 милдеттен турат. Аларга 150 иш-чара киргизилген, анын ичинен 50% 2020-жылдын 1-сентябрына аткарылышы керек.

«1-ноябрга карата коюлган милдеттердин 40% аткарылууга тийиш. Биз бардыгын жылдын аягына калтырып, аткарылбай калгандарын ар кандай шылтоолор менен кийинки жылга кошуу адатын токтотушубуз абзел. Ар бир милдет боюнча баскычтуу план иштелип чыгып, аны аткарууга тутумдуу мамиле жасалсын. Ошондо гана коюлган максаттарга жетише алабыз», - деп айткан Премьер-министр алардын айрымдарын белгилеп өттү. «Быйыл кеминде 2500 жаран «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК линиясы боюнча жеңилдетилген ипотека алууга тийиш. Аймактарда жашоочулар өз ишин баштай алуусу үчүн «РСК Банк» ААК базасында ири экспорттук-импорттук база түзүү, аймактарда ишкерлерди колдоо борборлорун ачуу өңүтүндө Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун программасы боюнча капиталдаштыруу жүргүзүлөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле белгилегендей, 2020-жылы 40 айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу милдети турат.

«Курулуш тармагын өнүктүрүп, экологияга өзгөчө көңүл буруу керек. Экономикабызда кандай кыйынчылыктар бар экендигин баарыбыз билебиз. Ошондуктан акчаны зарыл иш-чараларга гана жумшоо керек. Биринчи кезекте – бул санариптештирүү. Парламенттин чечимин талап кылган маселелердин бардыгын майдын аягына чейин, эл өкүлдөрү каникулга тараганча аяктоо керек. Болбосо, тийиштүү мыйзам долбоорлору жаңы парламенттин кароосуна, күзгө калуу тобокелдиги бар. Ошону менен бирге кабыл алынган стратегияларда жана концепцияларда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында белгиленген тапшырмаларды аткарууну улантуу кажет.

Пикир

Оставить комментарий