• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токаев коронавируска байланыштуу 8-мартка карата пландалган концертти өткөрбөө чечимин кабыл алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Нур-Султтан (Астана) шаарында өтө турган салтанаттуу жыйын жана концертти өткөрбөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Казинформ" маалымат агенттиги Казакстандын президентинин Twitter'деги баракчасына шилтеме келтирип жазат.

"Аялдардын эл аралык күнүнө карата Нур-Султан (Астана) шаарында өтө турган салтанаттуу жыйын жана концертти өткөрбөө чечимин кабыл алдым. Ал дүйнөдөгү коронавирустун жайылышы менен байланыштуу болуп, коопсуздук максатында жасалууда. Кымбаттуу аялзатына бакыт-таалай, ден соолук каалайм", - деп Казакстан президентинин Twitter'деги баракчасында.

Пикир

Оставить комментарий