• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда өзүнүн "Диссернети" пайда болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.04.18 /Кабар/. Тажикстан президентинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссия «Антиплагиат» программасын ишке киргизет.

Бул чечим Орусияда «Диссернет» коомдук уюму орусиялык илимий жана билим берүү мекемелеринде жакталган кандидаттык жана доктордук диссертацияларды экспертизадан өткөрүп, акыркы бир нече айда 20дан ашуун тажик окумуштуусун плагиатка айыптагандан кийин кабыл алынды.

Программанын алкагында тажик окумуштууларынын илимий эмгектери текшерилет. Бул тууралуу тажик президентинин социалдык маселелер боюнча жетекчичи Абдуджаббор Рахмонзоданын катышуусунда өткөн жыйын учурунда айтылды. Мындан тышкары Жогорку аттестациялык комиссияга көрсөтүлгөн илимий эмгектердин сапатын жогорулатуу жана тажик окумуштууларынын коомдун өнүгүшүнө кошкон пайдасы талкууланды.

Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдулхаким Розикзода 25-апрелде «Антиплагиат» аз күн аралыгында ишке кирерин билдирди. «Саясат таануу, филология, педогогика жана тарых бири бири менен тыгыз байланышта, бирок бул жерде плагиат болбошу керек. Кандай болгон күндө да «Диссернет» коомунун пикири Орусиянын Жогорку аттестациялык комиссиянын позициясын чагылдырбайт»,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий