• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Аймактардагы аэропорттордун ишинин жанданышы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Аймактардагы аэропорттордун ишинин жанданышы биримдикти бекемдеп, өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө негиз болот. Бул үчүн Өкмөт болгон күч-аракетин жумшоодо. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Аксы районунун Кербен шаарындагы аэропорттун жаңы имараты менен таанышуу маалында билдирди.

«Учурда биздин жарандарыбыз барчу жерине учак менен жетүүнү артык көрөт. Анткени алар тез жана ыңгайлуу шартта жетет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев

«Кербен» аэропорту 1979-жылы салынып, 25 жыл иштеген. Аба майдан 2004-жылдан бери иштебей турган.

2018-2019-жылдардын аралыгында аэропортто оңдоп-түздөө иштери 10 млн сомго жүргүзүлдү. Тагыраак айтканда, аэробекет ремонттолуп, учуучу, конуучу тилке оңдолду. Учурда аба майдан учактарды кабыл алууга даяр.

Андан соң Өкмөт башчы Кербен шаарынын оңдолуп жаткан ички жолдору менен таанышты.

«Өкмөт жол инфраструктурасынын өнүгүшүнө өзгөчө маани берүүдө. Кабыл алынган аймактарды өнүктүрүү концепциясында элет элинин жана чакан шаарлардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, саркынды сууну тазалоочу жайларды жана жолдорду куруу, канализация системасы сындуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулган. Мунун баары айыл менен чакан шаарлардын тургундарына жагымдуу шарт түзүү максатында жасалууда», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматына караганда, Кербен шаарынын ички жолдорун оңдоого республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. 13 чакырым жолду оңдоо пландалган, анын 8 чакырымында ремонт иштери бүттү.

Пикир

Оставить комментарий