• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Нигериянын жаранын сабаган күнөөлүүнү табууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарынын борборунда Нигерия жаранын сабаган күнөөлүүнү кыска мөөнөттө табууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчысынын тапшырмасы боюнча шашылыш түрдө чуулуу окуяга тиешеси бар күнөөлүүнү тез арада кармоого оперативдүү иш-чараларды жүргүзүп жана мыйзам жоопкерчилигине тартууга тийиш.

Ошол эле учурда Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик сезондун башталышында коомдук жайларда тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын иштерин күчтөндүрүүнү тапшырган.

Мындан сырткары, жабыр тарткан Нигерия жаранын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Саламааттык сактоо министрлигине буйруду.

Белгилей кетсек, Бишкектеги Айчүрөк (ЦУМ) соода борборунун жанында чет элдик жаранды эс-учун жоготкуча катуу сабап кетишкен. Окуя кечээ, 2-июлда болгон. Сабалган адам учурда ооруканада жатат.

Пикир

Оставить комментарий