• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Биздин жалпы милдет – жогорку кошумча нарктуу продукцияны гана экспорттоо

Экономика 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Биздин жалпы милдет – жогорку кошумча нарктуу продукцияны гана экспорттоо. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

"Ошондуктан айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү заманбап линиялар түзүлөт, алар толук көзөмөлдөнүп, сапаттуу сырьелук база менен жетиштүү көлөмдө камсыздалат. Биздин фермерлер өз-ара пайдалуу контракттык негизде, район жана облустар масштабында кайра иштетүүчүлөрдүн талаптары жана стандарттары боюнча продукция өстүрүшөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Биз өлкөлүк брендди түзүүгө чоң маани беребиз. Эл аралык кызматташтыктын логикалык жыйынтыгы катары экспорттолуучу продукциянын сертификатталышы болушу керек".

"Биз эл аралык сапат стандарттарын киргизүүчү эл аралык сертификатташтыруу органдарын ишке тартууну каалайбыз. Дал ушул эл аралык сертификатташтыруу органдары жалпы өлкөнүн масштабы боюнча айыл чарба жерлерин сертификатташтыруу боюнча комплекстүү ишке активдүү катыша алат", - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт практикалык окутуу боюнча жемиш питомниктерин жана окуу борборлорун түзүүдө көмөк көрсөтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий