• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сауд Аравиядагы ири компаниялардын бири КРдан мөмө-жемиштерди экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Сауд Аравиядагы ири компаниялардын бири Кыргызстандын мөмө-жемиштерди экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРнын инвестициялар министринин м.а Нурадил Баясов иш сапарынын алкагында Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Ajlan & Bros Holding Group башкармалыгынын төрагасы Али Аль Хазми менен жолугушкан.

Жолугушуунун максаты энергетика маселелерин (КЖЭБ), 2020-2030-жылдар аралыгында ишке ашыруу пландаштырылган 360дан 440 МВтка чейинки ГЭСтерди инвестициялоону талкуулоо болду. Кыргызстандын аймагында, ошондой эле Сауд Аравия Падышалыгында ата мекендик продукцияны экспорттоого көмөктөшүү.

Энергетика тармагында эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү контекстинде Баясов Кыргызстандын ири энергетикалык долбоорлорун тааныштырды жана «жашыл өнүктүрүү» платформасында 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ролун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө холдинг ошондой эле Кыргызстандан эт азыктарын, бөтөлкөдөгү сууну, ошондой эле мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Ajlan & Bros Holding Group Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү эң ири конгломераттардын бири, анда 25тен ашык өлкөдө жана 75 компанияда 12 миң 500дөн ашык адам иштейт.

Бүгүнкү күндө бул компания 10 миллиард АКШ долларынан ашкан инвестициясы менен Жакынкы Чыгыштагы эң ири компаниялардын бири.

Пикир

Оставить комментарий