• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто 13 жашар бала көп кабаттуу үйдөн секирип каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Ош шаарында 13 жаштагы өспүрүм 5 кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 23-февраль күнү саат 20:12де Ош шаарынын «Тез жардам» кызматы Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн беш кабаттуу 11-үйүнүн чатырынан кулап, 13 жашар баланын каза болгондугун билдирген.

Алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда аталган 2008-жылы октябрь айында туулган өспүрүм аталган 5 кабаттуу үйдүн там башынан боюн таштап, каза болгондугу аныкталган.

Анын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө жанында болгон теӊтушунун айтымында, ошол күнү кечки саат 18:00 чамаларында каза болгон бала менен чогуу үйдүн чатырында отурган.

"Теӊтушунун көрсөтмөсүнө караганда, адегенде үйдүн чатырында 5 өспүрүм отурушкан, кийин үчөө түшүп кетишкен. Ошол учурда маркум теӊтушунун телефонун сурап алып, бир кызга чалып, видео аркылуу сүйлөшүп, аягында "кош бол, мени кечир" деп айткан. Телефонду кайтарып берген соӊ, "Апа, мени кечир" деп айтып, капыстан өзүнүн боюн таштап жиберген. Телефонун берип турган теӊтушу анын мындай чукул кадамга барып, боюн таштап жиберээрин күткөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

Күбө катары суралышкан теӊтуштары, жакындарынын берген көрсөтмөсүнө караганда ал: "мен өлөмүн, март айында жок боломун, мени көрбөйсүңөр" деп айтып келген.

Учурда бул факт Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Каза болгон өспүрүм Ош шаарындагы мектептердин биринде 7-класста окуган.

Пикир

Оставить комментарий