• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев «Эркештам» бекетинде болуп, Нура айылынын жашоочулары менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна иш сапарынын алкагында «Эркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын инспектордук-кароо комплексинин иши менен таанышып, соңунда жакын жайгашкан чек ара бекетине барды, ошондой эле Нура айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы чек ара бекетинин жеке курама менен жолугушуп, чек арачылардын жашоо жана кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт чек ара бекеттерин чыңдоо жана чек арачылардын кызматтык шарттарын жакшыртуу, алардын социалдык маселелерин чечүү үчүн мындан ары карай дагы бардык зарыл иштерди аткарууга ниеттенүүдө.

Премьер-министр ошондой эле чек ара кызматында иштегендердин үй-бүлөлөрү менен маектешти.

Өкмөт башчы Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине алыскы чек ара бекеттеринин социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртууга, материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүүгө тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Премьер-министр ошондой эле Алай районунун Нура айылынын жашоочулары менен жолугушуп, алар менен айылдыктарды түйшөлткөн маселелерди талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бир нече конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий