• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Иштин татаал шарттарына карабастан, бийлик бутактары өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. 2018-жылы иштин татаал шарттарына карабастан, бийликтин бардык бутактары өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылы зор жетишкендиктер менен бирге аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын биргелешкен күч-аракетин талап кылган татаал милдеттер болду.

«Учурда иштеп жаткан Өкмөт 2018-жылдын апрель айында ишке киришкенде, иштөө шарттар жеңил эмес болчу. Бул шаардык ЖЭБдин айланасындагы кырдаал, макроэкономикалык жагдайдын начарлашы, мамлекеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын ортосундагы дисбаланс, кыргыз-казак чек арасындагы абал, кен иштетүү жайлардагы чыр-чатактар жана башкалар», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен бирге Өкмөт башчы белгилегендей, бул шарттарда өлкө ТМКК, ШКУ, ЖККУ өлкө башчыларынын Саммиттери, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, улуу жазуучу Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгы сыяктуу ири иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрө алды.

«Эң башкысы бийликтин бардык бутактары – Президент дагы, Жогорку кеңеш дагы жана Өкмөт дагы өнүгүүнүн маанилүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтө алышты», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий