• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесин артыкчылыктуу деп эсептейбиз

Өкмөт 0


Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев билдиргендей, 2017-2018-жылдары Мамлекеттик программанын алкагында республикалык бюджеттен 905 млн сом бөлүнгөн, ирригациялык объекттерди курууга жана реконструкциялоого 5,8 млн АКШ доллары түрүндө инвестиция тартылган.

«2 ирригациялык объекттин курулушу аяктады. Жаңы 1134 гектар сугат жери иштетилип баштады, 2901 гектар аянтты суу менен камсыздоо жогорулатылды. 2019-жылы дагы эки жаңы объекттин ишке берилиши менен 430 гектар сугат жери киргизилет, 1330 гектар жерди сугаруу жакшырат», - деди ал.

Премьер-министр баса белгилегендей, ирригация Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

«Биз Кыргызстандын аймактарында ирригацияны жакшыртуу, калкты ичүүчү таза жана сугат суу менен камсыздоо маселелерин артыкчылыктуу деп эсептейбиз. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында бул милдет өзгөчө актуалдуу жана дайыма биздин көзөмөлдө турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, Финансы министрлигине, Экономика министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдарга 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында долбоорлорду сапаттуу даярдоо жана ишке ашыруу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий